Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ниети оң эмес, душман, кас санаган. Бизге каршы кузгундар, Түпсүз болуп жок болду (Токтогул). Каршы жоодон калкын коргоп калуучу, Эр нускасы илгеркиден салты бар (Нуркамал). Бара-бара каршыларды чабабыз (Токомбаев). 2. Туура келбеген, макул болбогон, жактабаган, карама-каршы болгон. Каршы чыгат – деп, айтып, Каалабастай кеп айтып (Казыбек). Бирок Адылдын акылына каршы Анархан эчтеме айткан жок (Жантөшев). Каршы болбос атасы, Канышымдын сөзүнө («Мендирман»). Биздин арабызда иштин жалпы кызыкчылыгына каршы пикирдеги адамдар да жок эмес («Ала-Тоо»). 3. Бет алды, бетме-бет, тике алды. Баатырлар качып ыктады, Калабалуу калмактын, Каршысына чыкпады («Манас»). Биз жолдун оң жагы менен келатабыз, бизге каршы келаткан жүргүнчүлөр жолдун сол жагы менен жүрөт (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнү тосуп алуу, күтүп алуу. Эшик ачылганда, аркы жакта отурган салабаттуу адам тура келип, бизди каршы алды (Убукеев). Мусабек уулунун жогорку даражалуу болгонун бөтөнчө кубанычтуулук менен каршы алды (Сасыкбаев). Ал инисин жылуу жүз менен каршы алды (Бердикеев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРШЫ ЖАРНАМА – анын натыйжаларын жоюу максатында таркатылуучу, туура эмес жарнаманы жокко чыгаруу. КР жарнама жөнүндөгү мыйзамын бузуучу К. ж. жөнүндө чечим кабыл алган жекебасарга каршы орган (анын аймактык органы) тарабынан аныкталган мөөнөттө К. ж. жүргүзүүгө милдеттүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРШЫ ЧАЛГЫНДОО ИШМЕРДИГИ – улуттук коопсуздук органдарынын өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын жана уюмдарынын чалгындоо жана башка иштеринин бетин ачуу, алдын алуу, бөгөт коюу боюнча, ошондой эле айрым адамдардын мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирүүгө каршы багытталган ишмердиги.